Депутат Токторбаев президенттин учакты ижарага алганынан уялып жатканын айтты

Депутат Жеңишбек Токторбаев улуттук авиакомпанияны кайра түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Өлкөнүн биринчи адамы — президент менчик компаниядан учакты ижарага алганы уят. Биздин өзүбүздүн учактарыбыз жок. Бизде алар бар болчу. Бирок баары сатылып кеткен. Улуттук авиакомпанияны түзүүгө компетентсиз аткаминерлер тоскоолдук кылууда. Аларга анын кереги жок. Анткени кээ бир менчик компаниялар жылына “Манас” аэропортунан да көп киреше таап жатат”, — дейт Жеңишбек Токторбаев.