Депутат төрагага: «Кесиптешим «бул бийликке түкүрдүм» деди. Ал бийликтин ичинде биз да барбыз»

«Бир кесиптешибиз чыгып, «бул бийликке түкүрдүм» деди. Бул бийликтин ичинде биз да барбыз». Бул тууралуу депутат Кундузбек Сулайманов парламент жыйында билдирди.

«Ал бизге да, өзүнө өзү да түкүрүп калдыбы? Сиз жетекчи катары тартипке чакырып койсоңуз, сүйлөгөндө абайлап сүйлөш керек. Эл карап жатат», — деди депутат.

Төрага Нурланбек Шакиев эл аралык конференцияга барганын, ал сөз айтылганда өзү жок болгонун айтты. «Мен өзүнүн жообун бермекмин. Ал кишинин көзү барда айтайын, анын татыктуу жообун беребиз», — деди ал.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров «Кыргыз бийлиги 5 аялдан калтырап-титиреп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм» деген.