Депутат: «Төрт президент алмашты, Улуттук банктын төрагасы ордунда отурат. Ага «орден» бериш керекпи?»

«Азыркыга чейин төрт президент алмашты, премьер-министрлер алмашты, өкмөт башчылары алмашты. Бул аралыкта Улуттук банктын төрагасы ордунда отурат. Же Улуттук банктын кызматы ушунча жакшыбы биз кол чаап турабыз». Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, Улуттук банктын төрагасы эки отчетунун бирөөсүн 1 ай кеч берген.

«4 президент алмашты, премьер-министрлер алмашты, Улуттук банктын башчысы кызмат ордунда калды. Улуттук банктын отчетун 10 мүнөттө кабыл алдык, болгону 10го жетпеген депутат жазылды, убакытты чектөө туура эмес, анткени бул маанилүү маселе. Сессиянын аякташына 10 гана күн калды жана бул жалгыз отчет. Түшкү тамактануудан кийин дагы суроо берүүнү жана азыр жок болгон депутаттарга суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайм», — деди ал.