Депутат: «Туризмдин Экономика жана финансы министрлигине киргизилиши туура эмес»

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган жаңы өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы каралып жатат.

Талкуу маалында депутат Азизбек Турсунбаев энергетика тармагы карызга батканын белгилеп, энергетика жана өнөр жай министрине сунуштаган Кубанычбек Турдубаевди тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга чакырды.

Ошондой эле депутат Махабат Мавлянова министрликтерди кыскартуунун зыяны тийип калышы мүмкүн экендигине токтолду.

«Туризмдин Экономика жана финансы министрлигине киргизилиши туура эмес болууда»,- деди ал.

Муну менен катар тендер маселеси да көптөгөн жемкорлукка себеп болуп жатканын айткан депутат, ар бир мекеме түздөн-түз сатып алса, арзан болмок экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев карыздан кутулуу, каржы булактарын көбөйтүү маселелерине байланышкан сунуштарын берсе, депутат Эмил Токтошев өкмөттү көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында иш алып барууга үндөдү.

«Экономиканы өнүктүрүүдө инвестиция тартуунун таасири чоң. Андыктан бул жаатта алгылыктуу аракеттер көрүлүшү керек»,— деди Эмил Токтошев.