Депутат тууну өзгөртүү боюнча: «Мындан башка көйгөйлөрүбүз көп»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туунун авторлору менен жолугушуп, алар тууну өзгөртүүгө каршы эместигин билдиришти. Алар 10 күн ичинде туунун так вариантын алып келишет. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында тууну өзгөртүү боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Мен тууну өзгөртүүнү колдобойм. Себеби 30 жылдан бери келе жаткан туубуз — ыйык. Элди кыйнаган башка актуалдуу темалар көп. Башка маселелерди ушинтип талкууласак, элге пайда болмок», — деди депутат Нилуфар Алимжанова.