Депутат Түлөбаев: «Айлыгымды алсам, эки кызыма 1 граммдан болсо да алтын алып, ырым кылайын деп жатам»

Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.

Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, Улуттук банк өзүнүн ишин жасап жатат. «Өкмөттү бүгүн чакырып, угабыз. Биз өкмөт менен Улуттук банкка жардам бергенге даярбыз», — деди депутат.

Ал ошондой эле, символикалуу түрдө алтын алсамбы деген ою бар экенин айтты. «Айлыгымды алсам, эки кызыма 1 граммдан болсо да алтын алып, ырым кылайын деп жатам. Мунун баары элибизге керек да. Мындан кийин тойлордо акча бербей эле, алтын берет болушу керек», — деди ал.