«Эмне үчүн колубузда алтын турса, Кытайдын карызын төлөбөй жатабыз?». Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеште суроо салды.
«51 тонна алтыны жок деле жашаганбыз. Эмне үчүн 1 миллиард 800 миллион долларды төлөп салбайбыз? Көп болсо, 26-27 тонна алтын болот экен», — деди депутат.
Депутат Балбак Түлөбаев буга чейин ушул жылдын февраль SuperTV телеканалынын «Собол TIME» долбоорунда жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөп коёрун айткан болчу.