Депутат Түлөбаев: «Министрлер кабинетинин ишине көңүлүм жылыбай турат»

«Министрлер кабинетинин ишине көңүлүм жылыбай турат». Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Балбак Түлөбаев айтты.

Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык.

«Министрлер кабинети менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишине көңүлүм жылыбай турат. Кымбаттады деген күнү жетип барып, спекулянт менен дүңүнөн саткан соодагерлердин жазасын бериш керек эле. Ошолор күнөөлүү, алардын бул ыкмасын билебиз. Атайын ажиотаж кылып, ортодон акча жасашат. Үй-бүлөм 4 кишиден турат, азык-түлүктү өлчөп эле алабыз. Аялым деле «ии кокуй, май, кумшекер алып келейин» деди, мен ага «андай кылба» дедим. Ал спекулятивдик баа да», — деди Түлөбаев.