Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2025-жылга 472 856,1 миллион сом суммасында же ИДПга карата 29,1% деңгээлинде болжолдонгонун белгиледи.
Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев пандемиядан сабак алууга чакырып, медицинанын сапатын, социалдык коргоо системасын жакшыртуу керектигин белгиледи. Ал эми эл өкүлү Жылдыз Садырбаева актуалдуу социалдык маселелер, анын ичинде мектептердин жетишсиздиги тууралуу сөз кылып, профициттик каражаттарды билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жаңы мектептерди курууга жумшоону сунуштады. Депутат Советбек Рустамбек уулу чет тилдер факультеттеринин студенттерине кошумча акы төлөө аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучуларына жеңилдетилген шартта англис тилин окутуу курстарын киргизүүнү табыштады. Депутат Гүлшаркан Култаева өлкө боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер үчүн киргизилген «жеке ассистент» аттуу социалдык кызмат көрсөткөн 14 миңге жакын гана адам бар экенин белгилеп, алардын эмгек акысын республика боюнча орточо айлык акынын көлөмүнө чейин көтөрүүнү сунуштады. Андан тышкары, комитет төрайымы Винера Раимбачаева калктын аярлуу катмарларын социалдык жактан коргоону күчөтүү зарылдыгын айтса, депутат Гүлкан Молдобекова мектептерди жетиштүү көлөмдөгү окуу китептери менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.