«УКМКнын төрагасынын кечээги билдирүүсүнөн кийин, эгер бул олуттуу иш болсо, анда укук коргоо органдарынын көп кызматкерлери кармалып түрмөгө отурат». Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.
«Бишкекте жана Кыргызстандагы кумар оюндарын ким калкалап турганын элдин баары эле билет. Өкмөт мыйзамды алып келип жатканда казинодон 2 миллиард сомдон ашык акча түшөт деген болчу. Жылдын аягына чейин бул сумма түшпөсө, анда Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кайтарып алууга укугу бар», — деди депутат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу жакын арада коррупцияга каршы күрөштүн экинчи баскычы башталарын жарыялаган.