Депутат Түлөбаев: «Турдакун Усубалиевге убагында эски имаратта эле отур, жаңысын эмне куруп жатасың дешти бекен?»

«Турдакун Усубалиевге убагында эски имаратта эле отур, жаңысын эмне куруп жатасың дешти бекен?». Мындай суроону бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев салды.

«Эми акыркы убакта ар ким өзүнүн оюн айтып жатат. Турдакун Усубалиев ушул Ак Үйдү салып жатканда ага «эмнеге муну салып жатасың, эски эле имаратта отура бербейсиңби?» дешти бекен? Азыр эми президентти тиги жаңы Ак үйдү эмне салып жатасың деп тытып салмай болдук», — деди депутат.