Депутат Түмөнбаев: «Элдин көйгөйүн укпасак, мандатты тапшырып тарап кетели!»

Бүгүн, 4-апрелдеги парламенттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда.

Анын жүрүшүндө «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Айыл чарба министри менен Транспорт министринин маалыматын угууну сунуштады. Бирок эки жолку добуш берүүдө колдоо тапкан жок.

«Алардын докладын уккуңуздар келбесе, элдин көйгөйүн укпасак, анда депутаттар мандатын таштап, тарап кетиши керек. Добуш бербей койгонуңуздар туура эмес. Элге уят болбой, тарап кетели», — деди ал.

Жыйынтыгында сунуш добуш берүүгө кайра коюлуп, жогорудагы министрлер маалымат беришти.