Депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин жыйынында түрмөдө жаткан балалуу жана кош бойлуу аялдардын шарты боюнча маселени көтөрдү.
«Учурда түрмөдө жаткан 20 аялдан 15 аял балалуу экен. Балалуу аялдарга мунапыс жарыяланышы керек. Түрмөнүн катаал шартын көрүп чоңойгон балдар коомго жакшы нерсе алып келе албайт. Түрмөдө чоңойгон балдардын шартын ойлойлу. Баланы энеден башка эч ким жакшы карай албайт. Алардын келечегин да ойлонуш керек», — дейт депутат.