Депутат УКМКнын тергөө абагындагы эки өлүм боюнча: «Кустурабыз деп камай берүү өлүмгө алып келди»

10-июнда ооруканада эсине келбей саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан бейтапканага жеткирилген болчу. 18-июнга караган түнү «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысы Бакыт Асанбаев кармалган камерасында асынган абалда табылды. Буга байланыштуу депутаттарга «Бир аптанын ичинде УКМКнын тергөө абагында эки өлүм катталды. Мындай окуя биринчи жолу орун алып отурат. Буга ким жооп бериши керек» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, ар бир кыргызстандык үчүн бийлик, аны ичинде президент, күч органдарынын башчыларынын моралдык жоопкерчилиги бар. «Мен Ташиев чалып, баланчаны жок кылгыла дегенине ишенбейм. Чын эле андай болбойт. Бирок маселени терең караганда, кустурабыз деп камай берүү өлүмгө алып келди. Бул өкүнүчтүү окуя», — деди ал.