Депутат УКМКнын төрагасына Министрлер кабинетинин жаңы курамын текшерүүнү сунуштады

«Азыр Жогорку Кеңештин депутаттары же башка саясатчылар сиздин ишиңизге кийлигишпейт, баары сиздин колуңузда», — деди депутат Канатбек Исаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге

«Мурдагы курамды текшергендей эле, бул курамды да текшериңиз. Биз мурунку аткаминерлерди текшергенден көрө, алдын ала күрөшүшүбүз керек. Белгилей кетчү нерсе, мурдагылар менен көп нерселер ачылды», — деди Исаев Ташиевге кайрылып.