Депутат Украинадагы кырдаал боюнча: «Биз мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, тышкы саясатта дайыма ортодо болушу керек. «Биз бир эле мамлекетти чапчып кармап калсак, 2-3 өлкөнүн соода сатыгына, алардын карым-катыштарына зыян келтирип коюшубуз мүмкүн. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөшүбүз зарыл. Согуштан тынчтыкка деген позицияны карманышыбыз керек», — деди ал.