Депутат Украинадагы кырдаал боюнча: «Кыргызстандын позициясын Жапаровдун сөзүнөн эле түшүнсөк болот да»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Алишер Козуевдин айтымында, Кыргызстан Орусия менен тыгыз байланышта. «Буга чейин президент да, Министрлер кабинетинин төрагасы да өз ойлорун айтышпадыбы. Биз 200 жыл чогуу болгонбуз, эми 300 жыл чогуу болобуз деп. Эми ушундан түшүнсө болот да», — деди ал.