Депутат Украинадагы кырдаал боюнча: «Согуш менен эч нерсе чечилген эмес. Мен тынчтыкты каалайм»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Нуржигит Кадырбеков бул абдан татаал маселе экенин, ар ким өзүнүн пикирин айта берүү туура эмес экендигин айтты. «Биздин канча деген мекендештерибиз талаа-түздө жүрөт. Мен тынчтык болушун каалайт элем. Согуш менен эч нерсе чечилген эмес. Адамдар согуш бүткөндөн кийин жөн эле согушканын түшүнгөн. Бир дагы апанын көз жашы тамбаса экен. Эми ар бир мамлекетти түшүнсөң болот. Чоң мамлекеттердин талаш-тартышынан ортодо буфер мамлекеттер азап тартып калып жатат. Ошол үчүн бул темада расмий позицияны билдиргенге Тышкы иштер министрлигинин, анан президенттин акысы бар», — деди ал.