«Украинадагы кырдаалдан улам Орусиядан Кыргызстанга мигранттар кайтып жатышат». Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Орусияда иштөөнүн пайдасы жок болуп калды. «Маянасы аз болгонунан тышкары армиясына кошуу аракети да болуп жатат», — деди ал.