«Азыр бизге Украинадагы жарандар элчилик менен байланыша албай жатабыз деп жатышат», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов.
«Ошого көңүл буруп койсоңуздар. Көпчүлүк чыгып кете баштады дейт. Элчилик менен байланышып, жардам сурайлы десек, эртеден бери байланыша албай жатабыз дешти», — деди ал.
Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев элчилик штаттык режимде иштеп жатканын айткан болчу.