Депутат Бакасовдун Мадумаровго болгон нааразычылыгын кагаздан окуганы талкуу жаратууда

Депутат Улан Бакасовдун кесиптеши Адахан Мадумаровго болгон нааразычылыгын кагаздан окуганы талкуу жаратууда. Соцтармакта анын «сөзүн жазып беришкенби?» деп суроо салгандар да бар.

«Урматтуу, Адахан Кимсанбаевич биз сизди жашыңызга карап сыйлап жатабыз. Биз тарапка көптөгөн сын-пикир айтып жатасыз. Мен эч кимдин ээрчимеси эмесмин. Өзүбүздүн пикирибиз, оюбуз бар. Менин коллегама жообун аласыз деп жатасыз. Эч ким жообун албайт. Берсеңиз, өзүңүзгө тиешелүү сөздөрдү угасыз», — деди ал.