Депутат Улукбек Мариповго: «Жетелешип алып, чогуу реалдуу жашоону көрүп келели»

Бүгүн, 17-июнда Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Кемелов Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жансакчыларын, анын коопсуздугун камсыздоону сынга алды.

«Өткөндө Оштон учуп келе жатканда көрдүңүз. Бүт бөлүм башчыларды, губернатор, мэрдин баарын чогултуп алгансыз. Депутатты көзгө илбей жатсаңыз, элди кантип көзгө илесиз? Элдин арасында жүрбөйсүзбү. Жөнөкөй эле жүрбөйсүзбү. Жок десеңиз, жетелешип алып, чогуу реалдуу жашоону көрүп келели. Элдин абалын көрүп келели», — деди эл өкүлү.

«Мен бардык сунушуңузду, сыныңызды туура кабыл алам. Жан сакчылар боюнча айтып коёюнчу. Мыйзамды өзгөртүшсө, жөө эле жүрүүгө даярмын. Мен да кыйналып кеттим, чынын айтсам. Үй, кабинет, анан бир жерге барсаң протокол. Кээде айрым бир жерлерге барганды протокол эмес, жан сакчылар билбейт. Мен деле эл менен өтүктү кийип алып жүргөн адаммын. Мен деле сагынам ошону. Эми мыйзамда ошондой болсо, коопсуздук деп жатат. Коопсуздугумду мамлекет ушундай карап жатса, мен күнөөлүү эмесмин да», — деди Марипов.