Президент Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Орусия мамлекетине барып келди. Бул ажонун мамлекет башчы катары алгачкы иш сапары болду.
Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарына “Бул иш сапардан эмне күтүп жатасыз?”,— деп суроо салдык.
Депутат Улукбек Ормоновдун айтымында, Орусия негизги стратегиялык өнөктөш мамлекет.
«Орусия биздин негизги стратегиялык өнөктөш мамлекет. Мурда бир мамлекет болгонбуз. Ушул иш сапардан жакшы жыйынтык чыгып, 2 жыл мурун кол коюлуп, бирок ишке ашпай калган долбоорлор ишке ашырылат деген ойдо чоң үмүт кылып жатабыз»,- деди депутат.











