Депутат Улуттук банктын төрагасына: «5 миң сомдукту басып чыгарып, көбүрөөк акча табууга азгырылып жаткан жокпузбу?»

«Биз айлык-акыны жогорулатууну камсыз кылып жатканда 5 миң сомдук акча басып чыгарып, көбүрөөк акча кылууга азгырылып жаткан жокпузбу? Акча массасынын катышын кантип көзөмөлдөйсүз жана аны эмне камсыз кылат?». Мындай суроо менен Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге кайрылды.

Улуттук банктын жетекчиси депутат жакшы суроо бергенин, анда башка парламентарийлердин сын-пикирлерине жооп болорун айтты.

«Биздин өлкөдө Улуттук банк өкмөттөн өзүнчө. Өкмөт эмгек акыга ресурстарды таап, бөлүп берет, биз бул процесске катышпайбыз, экономиканы акча массасы менен камсыз кылабыз.

Нарк жагынан алганда экономикадагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө тигил же бул даражада барабар болушу керек, ошентип инфляция минималдуу болот. Эгерде биз өкмөттүн курамында болсок, анда сиз айткандай болушу мүмкүн. Айлыктарды өкмөт көтөрсө, басмаканадай иштеген Борбордук банктан акча алмак, Улуттук банктын өкмөттөн бөлүнүшүнүн мааниси ушунда. Бизде сиз айткан азгырык жок», — деди ал.