Мадумаров Жеңишке: «Депутаттардын ким менен чай ичип жатканын көзөмөлдөп, бирок тышкы аудиторуңузду текшере албайсызбы?»

Улуттук банктын тышкы аудиторун тандоо боюнча тендер өткөрүлдү, анын жеңүүчүсү Ernst & Young
эл аралык аудитордук компаниясы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Маалым болгондой, тендерге бир компания катышкан – альтернатива жок болгондуктан тандалып алынган.

Депутат Адахан Мадумаров «казакстандык компаниябы?» деп сурады. Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жеңиш бул Казакстандыкы эмес, филиалы Казакстанда жайгашкан деп жооп берди.

Башкы кеңсе кайда? — деп сурады депутат.

Нурбек Жеңиш «бул эл аралык компания, ар бир өлкөдө кеңсеси бар» деп жооп берди.

«Башкы кеңсеси АКШда, менимче. Ой, Улуу Британияда», — деди ал жаңылып.

Депутат алгач компанияны тактап, изилдөө керек деди. «Биз бул компания кайдан чыкканын иликтешибиз керек. Депутаттар ким менен чай ичет, кайда барышат билесиңер, текшересиңер. Бирок Улуттук банктын тышкы аудиторун текшере албайсыңарбы?» — деп ал сурады.

Нурбек Жеңиш бул британиялык компания экенин кайталады. Эл өкүлү компаниянын келип чыгышы толук изилденгенге чейин бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.