Депутат Улуттук банктын төрагалыгына кимди көрсөтүп жатышканын айтты

Жогорку Кеңештин комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз арызы боюнча кызматтан бошотуу боюнча документтер келип түштү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүп жатышат.

Бөкөнтаев — Улуттук банктын төрагасынын экс-орун басары, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы.