Депутат: «Ак Үйдүн айланасынан унаа койгонго орун таппай, жыйынга кечигип калып жатабыз»

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев парламенттин спикери Талант Мамытовго Ак Үйдүн имаратынын айланасына шлагбаум орнотуу керек экенин айтты. «Мен Жогорку Кеңешке жөө келгенден уялбайм. Айдоочум жок. Кээде унаама бош орун таппай калып, жыйынга жетишпей калып жатам. Жок дегенде шлагбаум койсок жакшы болмок. Ушул маселени карап берсеңиз», — деди ал.

«Маселени туура көтөрүп жатасыздар, мен колдойм. Бул боюнча тапшырма бергенбиз. Дагы протоколдук тапшырма болсун. Бул боюнча мэрге да тапшырма бергенбиз. Депутаттын ишмердүүлүгүнө тоскоол болбош керек. Тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз зарыл», — деди төрага.

Ушул эле Талант Мамытов өткөн жылдын ноябрь айында «биз элге жакын болушубуз керек» деген жүйө менен Ак Үйдүн тосмосу алына турганын жар салган болчу.