Депутат унаалардын кыймылдаткыч көлөмүнө карап караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады

Депутат Элдар Сулайманов унаалардын айнектерин кыймылдаткыч көлөмүнө жараша караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал айнекти караңгылатууга уруксаттын баасы Министрлер кабинети тарабынан 80 миң сом деп белгиленгенин эске салды. Депутат бул бир аз адилетсиздик дейт, анткени 80 миң сомго уруксаат кагазын сатып алуу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

«Унаанын терезелерин караңгылатууга уруксаттын баасын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша белгилөөнү сунуштайм. Мисалы, 1 литрден 2 литрге чейин — 20 миң сом, 2 литрден 3 литрге чейин — 40 миң сом, 3 литрден 4 литрге чейин — 60 миң сом, 5 литрден жана андан жогору — 80 миң сом. Ошондо да бюджетке жакшы киреше түшөт», — деди Сулайманов.