Депутат: «Ушул убакка чейин ГАИден корком. Көргөндө калтырап, сүйлөй албай калам»

Ушул убакка чейин ГАИден корком. Бул тууралуу депутат Акбөкөн Таштанбеков комитет жыйынында билдирди.

«Депутат болсом деле жол тескөөчүсүн көргөндө калтырап, сүйлөй албай калам. Кетип бара жатканда мен эмес, унаам үркөт. Мен такыр ичпейм. Кеп корккондо эмес. Башымды чаап албайт да, көп болсо, айып пул жазат. Формачан кишини сыйлап турчубуз да. Азыр мазактап видеого тартып жатышпайбы», — деди ал.