Депутат ууруларды эле эмес, алардын жакындарын да жазалоону сунуштады

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев уурулук – бул оору экенин айтты.

«Уурунун жумушу жок. 10 миң сом төлө деп жатабыз. Бул сумманы төлөп, кайра уурдаганга барат. Жакын туугандары да жазасын тартсын. Мүмкүн туугандар кандайдыр бир жол менен таасир этиши мүмкүн жана бул чара уурулукту азайтууга жардам берет», — деди депутат.