Депутат: «Уюлдук компаниялар менен банктар элдин канын соруп жатышат»

Депутат Алишер Козуев мамлекет банктардагы жана уюлдук компаниялардагы бааларды жана тарифтерди жөнгө салышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 28-июнда транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү күндө алардын баасы көзөмөлдөнөбү?» — деп суроо салды ал.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы уюлдук компаниялардын байланыш тарифтери бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мыйзамынын кабыл алынышы менен жөнгө салына баштарын айтты. «2017-жылга чейин мамлекет тарабынан жөнгө салуу болгон, бул ишканалардан мамлекеттик бюджетке 500 миллион сом түшкөн. Банктарга келсек, биз кийлигишпейбиз, бул жерде аларды Улуттук банк жөнгө салат», — деди ал.

Депутат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы карапайым калктын эмне кылып жатканын көрбөй жатат деп эсептейт. «Бул уюлдук компаниялар элдин канын соруп жатат. Ал эми үстөк пайыздары жогору болгон банктар… Бул аймактарды жөнгө салып, көзөмөлгө алуу керек болчу», — деп кошумчалады ал.