Депутат «уюлдук операторлор абоненттердин акчасын уурдап жатышат» дейт

«Уюлдук операторлор абоненттердин акчасын уурдап жатышат. Айына 5-10 сомдон эсептен жоголууда». Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишев Козуев билдирди.

«Үч уюлдук оператордун абоненттерин тейлөөсү начар. Өлкөдө миллиондогон абонент бар, жарандардан көп арыз түшүп жатат. Алар уюлдук операторлор өз абоненттерине кошумча кызмат жана тариф сатып, аны менен адамдардын акча каражатынан колдонууда дешет. Күн сайын интернет үчүн белгилүү лимит менен тариф кошулуп, бирок анын шарттары толугу менен аткарылбайт. Ай сайын абоненттердин эсебинен 5-10 сомдон жоголот. Эмне үчүн компаниялар өз абоненттеринен акчасын уурдап жатышат? Бул маселени териштирүү керек», — деди депутат.