Депутат: «Вице-мэр өзүн «мырктай» алып жүрөт»

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев гараждык кооперативдердин мүчөлөрү борбор калаанын мэриясынын жанына тынчтык митингине чыгышты.

«Алар сиз менен жолугууну каалашты. Алар менен жолугуп коюңуз. Вице-мэриңиз, кечиресиз, муниципалдык кызматкердин этикасы бар, ал өзүн «мырктай» алып жүрөт… Ошолор менен митинг өткөрүп жүрөт микрофонго кыйкырып. Мэрия түшүндүрүп бериши керек. Жок, ал кыйкырып жүрөт. Мен уялдым. Бул Бишкек шаарыбы? Бул Бишкектин вице-мэриби? Менин ага эч кандай душмандыгым жок. Өзүңдү минтип алып жүрүүгө болбойт. Бул уят», — деди депутат мэр Эмилбек Абдыкадыровго.