Депутат: «Яндекс.Такси элдин эсебинен миллиондорду табат, бирок салык төлөбөйт»

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Акылбек Кемелов Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарынан «Яндекс.Такси» чет элдик компаниясынын кыргыз рыногунда тиркеме аркылуу иштегенине кандай көз карашта экенин сурады.

Депутат: Алар учурда биздин мамлекетке салык төлөйбү?

Министрдин орун басары алар салык төлөбөрүн айтты. «Экономика министрлиги мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, ага ылайык Google, Facebook жана Yandex кошумча салыктарды төлөшү керек», — деп кошумчалады ал.

Депутат компания Кыргызстандын аймагында элдин эсебинен миллиондогон киреше табарын, бирок эч кандай салык төлөбөй турганын айтты. «Бул түшкө кирбеген нерсе. Алар салык төлөшү керек. Канча ата мекендик компаниялар жаңы технологиялар менен рынокко чыгарууда кыйналып жатышат. Бир аз эртерээк чара көрүү керек болчу, сиз кечигип жатасыз”, — деди эл өкүлү.