Депутат Үмбөталы Кыдыралиев: «2,5 миңдей биздин эмгек мигрантыбыз чет жерлерде абакта олтурушат»

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев чет мамлекеттерде жашаган 2,5 миңге жакын Кыргыз жараны түрдүү кылмыштар үчүн ошол өлкөлөрдө абакта олтурушарын билдирди.

Анын айтымында, 15 миңи Орусияда, 220 киши Казакстанда, 34ү Тажикстанда, Өзбекстанда 20 кыргызстандык жоопко тартылган.

Мындан улам депутат Кыдыралиев башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү” жөнүндөгү эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселеси талкууланып жатканда мындай пикирин айтты.

“2,5 миңдей биздин эмгек мигрантыбыздын тагдыры жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Аларды бул жакка кантип алып келүүнү да билбейсиз. Алардын туугандары, балдары “Качан прокуратура бул жакка алып келет” деп күтүп жатпайбы”, — деп депутат прокурорду сынга алды.