Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Ага ылайык, жогорку билимге ээ эмес депутаттыкка талапкерлер шайлоого катыша алышат. Эл өкүлдөрү өздөрү бул боюнча кандай пикирде?
Депутат Балбак Түлөбаев элдин өкүлү эл арасынан чыгарын айтат. «Эл өзү өкүлүн Жогорку Кеңешке жиберет жана алар каалаган өкүлүн жиберүүгө укуктуу. Билими барбы, билими жокпу аны сыйлашыбыз керек. Баш мыйзамда баары жазылып турат. Бул бир жагы. Экинчиден, Жогорку Кеңешке келгенде мыйзам жазыш керек. Мыйзам жазганда көп нерсени билип, билим болушу керек. Эң жөнөкөй грамматиканы билүү зарыл. Ошондуктан азыр эки анжыдамын», — деди ал.