«Жаңы желек кимге жакпаса, айып пул салалы». Депутат Бекешев тамаша айтты

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев желекти жактырбагандарга айып пул салуу боюнча тамашалады.

«Жаңы желек кимге жакпаса, айып пул салынат десек, кандай дейсиз?» — деди Бекешев.

«Ал сиздин укугуңуз. Мен мыйзам долбоордо аны демилгелеген жокмун. Азыр сизден угуп жатам», — деди демилгечи Примов. 

«Президентти 99 пайызы колдош керек. Бир гана Бекешев каршы болушу мүмкүн. Анткени ал мурдагы тууну да, анан азыркы желекти да көргөн эмес. Мен баары бир каршы добуш берем», — деди депутат.