Депутаттар акыйкатчынын орун басарлыгына Султанбековдун талапкерлигин жактырган жок

Жогорку Кеңеш Акыйкатчы институтунун орун басарлыгына Анвар Султанбековдун талапкерлигин жактырган жок.

Бүгүн, 31-мартта омбудсмен Токон Мамытов парламентке анын талапкерлигин карап көрүүнү сунуштаган. Султанбеков 2020-жылдан тартып Акыйкатчы институтунда адам укугун коргоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген. Буга чейин ал банк тармагында, Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Парламент депутаты Жанар Акаев Султанбеков «Азия универсал» банкында иштеп турганда айрым саясатчылардын туугандарына кредит берип, анын чуусу азыр да бүтө электигин эске салды. «Ал жерде сиздин колуңуз коюлган. Ал кишилер менен сиз жакын доссуз. Ошондуктан биз ойлонуп туруп добуш беришибиз керек», — деди ал.

Жыйынтыгында добуш берген 70 депутаттын 45 макул болсо, 25 эл өкүлү каршы болду. Мыйзамга ылайык, катталган депутаттардын жарымынан көбү макул болгондо гана көрсөтүлгөн талапкер жактырылат.