Депутаттар ар бейшембиде министрлерди көргүсү келет. А министрлерчи?

Бүгүн, 21-февралдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов белгилегендей, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан эгемендүү элдин кызыкчылыктарын коргоого жана анын үнүн, таламдарын жеткирүүгө багытталган. Тагыраагы, Министрлер кабинети ар бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын суроо-талаптарына убакыт бөлөт деген ченем сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору улуттук мыйзамдарга каршы келбей турганын, ушуга байланыштуу аны колдоо керектигин белгиледи. Сунушталган нормаларды депутаттар Мейкинбек Абдалиев, Коргонбай уулу Жусупбек, Замирбек Мамасадыков да колдошту. Депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетин Жогорку Кеңештин жыйынына эки жумада бир жолу чакырууну сунуштады. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин өкүлү бул мыйзам долбооруна Министрлер кабинети терс корутунду бергенин маалымдады.