Депутаттар аткаминерлердин орус тилиндеги баяндамасын угуудан баш тартышты

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары орус тилиндеги докладды угуудан баш тартышты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев, Суу чарба кызматынын директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев, айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова жана Суу чарба кызматынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Улан Төрөгелдиев баяндама жасоо үчүн келишкен.

Улан Төрөгелдиев баяндаманы расмий тилде берүүнү суранды, бирок депутаттар өтүнүчтү четке кагышты.

«Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында мурда мамлекеттик тилде гана баяндама угууну чечкенбиз»,- деди комитет башчысы.