Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары октябрдагы элдик толкундоолордон кийин биринчи жолу Ак Үйдүн имаратына жолугушууга чогулушат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйыны батыш залында саат 10:00дө башталат. Күн тартибинде 10 мыйзам долбоору жана бир токтом долбоору бар.
6-октябрга караган түнү орун алган окуялар учурунда парламенттин имараты басып алынып, жарым-жартылай зыянга учурагандыктан, жыйындар “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп келген.
Депутаттар элдик толкундоолордон соң алгачкы ирет Ак Үйдө чогулушат
