Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берди.
69 депутат макул, 1 депутат каршы добуш берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Гүлнара Баатырованы кызматка келиши менен куттуктап, эл үчүн иштөөгө чакырды.