Депутаттар жалган маалымат тараткан ЖМКлардын жоопкерчилигин күчөтүүнү айтышты

Кечээ, 16-майдагы Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган депутат Жанарбек Акаев белгилегендей, мыйзам долбоорунда интернеттеги сайттын ээсинин же интернеттеги сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленген. Муну менен катар жалган маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн 24 сааттан 3 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Эл өкүлү Гуля Кожокулова эгер азыркы редакцияга ылайык арыз бир тараптуу каралса, эми арыз ээсинин да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын да катышуусу менен кароо сунушталып жатканын белгилеп, “Ар бир тарапка өз аргументтерин берүүгө мумкүнчүлүк түзүлүш керек» деди.

Талкуу маалында депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков жалган маалымат тараткан маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин көтөрүштү. Депутаттарды кайрылуулар жана жабылган сайттар боюнча маалыматтар да кызыктырды. Буга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 2022-жылдан бери мекеме тарабынан 22 арыз каралганын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.