Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитетинин отурумунда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча маалыматтар менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
Чыңгыз Эсенгул уулу белгилегендей, мыйзам долбоору Конституция менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга укугун ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ал көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө болот.
Жыйындын жүрүшүндө чакырылган бир катар ЖМКнын өкүлдөрү да сунуш-пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алды.