Депутаттар Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине автобустар менен барышат

Жогорку Кеңештин депутаттарына Садыр Жапаровдун инаугурациясына жеке автоунаа менен барууга тыюу салынды. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында эскертти.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүн президенттик кызматка киришүү аземине Жогорку Кеңештин имаратынын алдынан автобустар менен алып кетип, азем бүткөн соң кайра алып кетет.

“Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар. Автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруу баракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушу керек. Жеке транспорт менен барууга тыюу салынат. Иш-чара бүткөн соң сиздерди Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет”, — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал инаугурацияга байланыштуу парламенттин бейшембидеги жалпы жыйыны болбой турганын эскертти.