Депутаттар Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун төрагаларынын талапкерлигин жактырышты

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун жана Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин жактырды.

Өскөнбаевдин талапкерлигине 81 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берди. Базарбековдун талапкерлигине 84 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берди.

Замирбек Базарбеков — мурда Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон жана Сотторду тандоо боюнча кеңешти жетектеген. 2020-жылдын декабрь айында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, 2021-жылдын июнь айында аталган кызматтан бошотулган. 2021-жылдын июнь айынан тарта Жогорку Соттун судьялыгын аркалап келет.

Эмил Өскөнбаев — 2011-жылдын август айында Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланып, 2019-жылдын июль айынан тарта Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарлыгын аркалап келет. Ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилишине каршылыгын билдирген Конституциялык палатанын 11 судьясынын ичинен жалгыз сот болгону менен элге таанымал.