Депутаттар кесиптештерин мыйзам менен иштөөгө чакырып, жыйынды жабык деп жарыялашты

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары ант беришти. Төрайымдык милдетти убактылуу Жогорку Кеңештин шайланып келген эң улуу депутат айымы Шарапаткан Мажитова аткарды.

Депутаттар ант берип, төш белги менен күбөлүктөрүн алган соң, биринчи жыйналышты ачык деп жарыялоо керектигин айтышты. Бирок депутат Адахан Мадумаров регламент менен иштөө керектигин айтып, ант берилген соң жыйын жабылышы керектигин билдирди. Бул пикирге Бакыт Төрөбаев да кошулуп, мыйзам баарыне бирдей экенин айтып, тыныгуу берилиши керек экенин айтты.

Мирлан Маматалиев да төрайымга жыйын жабылышы керектигин, бир убакытты айтып, ошол саатта кайра жыйналып, жыйынды регламентке ылайык ачык, күн тартибин бекитүү керектигин билдирди. Төрайым бул сунуштар менен макул болуп, жыйынды жаап, саат 15:00дө экинчи жыйын башталарын айтты.