Депутаттар Култаева менен Масабиров комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланды

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Бюджет боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Талайбек Масабировдун, Транспорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми “Ынтымак” фракциясынан көрсөтүлгөн Шарапаткан Мажитова менен “Элдик” депутаттык тобунан сунушталган Нурлан Ражавалиев өз талапкерлигин алып салышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Талайбек Масабиров менен Гүлшаркан Култаева жогоруда аталган комитеттердин төрагасынын орун басары болуп шайланды.