Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында карамай болушту

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече депутаттын сунушу менен саат 14:00дө жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип, 39-протокол боюнча маалымат бермек. Бирок маселе жабык эшик артында каралмай болду.

Жыйынга маалымат берүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев келди.

Депутат Марлен Маматалиев бул маалыматтар жабык эшик артында каралышы керектигин айтты. Бул добуш берүү менен чечилип, 63 депутат «макул» болду.