Депутаттар Кыргызстандын желегине өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Мыйзам талкууга коюлду

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 28-сентябрда коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов

«Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Кыргыз Республикасынын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар  тартылышкан», — дешти.